Казакстан Ирандын портунда логистикалык терминал курат

Казакстан Ирандын портунда логистикалык терминал курат

Казакстан Бендер-Аббас шаарындагы Шахид-Раджаи портунда транспорттук-логистикалык терминал курат. Иран 27 жылга 15 гектар аянт бөлгөн объекттин курулушу ушул күздө башталат. ВОТ-келишиминин алкагында терминалды курууга эки жыл, андан ары пайдаланууга 25 жыл каралган. Айта кетчү нерсе, Казакстан Ормуз кысыгынын түндүк жээгинде мындай объектти куруу укугуна ээ болгон Борбор Азиядагы биринчи жана азырынча жалгыз өлкө. Долбоорду ишке ашыруу өлкөгө Перс булуңундагы өлкөлөргө, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияга, ошондой эле Чыгыш Африкага экспорттоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мындан тышкары, кесиптик бирикмеде белгилешкендей, бул долбоор мамлекеттердин ортосундагы транспорттук-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Ал ошондой эле «Түндүк – Түштүк» эл аралык коридорунун транзиттик дараметин бекемдейт.


Аман Малгаждаров, Казакстандын Соода жана интеграция министрлигине караштуу «QazTrade» соода саясатын өнүктүрүү борборунун аткаруучу мүдүрү:


– Учурда Кениядан, жалпысынан Түштүк Африкадан көп буйрутмалар жана суроо-талаптар келип жатат. Албетте, биринчи кезекте экспорттук дарамети чоң болгон нерселерди экспорттоону пландап жатабыз. Бул буудай, биздин салттуу нерселер, дан, химия тармагы, металл конструкциялары, курулуш материалдары. Бул нерселерден тышкары, Жакынкы Чыгышта кайра иштетилген өнөр жай өнүмдөрүнө чоң дарамет бар. Башкача айтканда, тамак-аш өнүмдөрү, химиялык өнүмдөр жана башкалар. Жада калса муздатылган эт жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрү да бар.


Терминал бирдиктүү санариптик системанын негизинде иштейт, ал бажы органдарын, порттук кызматтарды, терминалдык инфраструктураны жана логистикалык чынжырдын бардык катышуучуларын бириктирет. Долбоор ошондой эле жасалма интеллект технологияларын жана дүйнөлүк рынокто ийгиликтүү колдонулуп жаткан алдыңкы чечимдерди киргизүүнү камтыйт.


Аман Малгаждаров, Казакстандын Соода жана интеграция министрлигине караштуу «QazTrade» соода саясатын өнүктүрүү борборунун аткаруучу мүдүрү:


– Менимче, долбоор кеңири масштабдуу таасир этет. Эмне үчүн? Анткени, расмий эсептөөлөр боюнча, биздин соода жүгүртүүбүз учурда 400 миллион долларды түзөт жана биз, албетте, бул соода агымын көбөйтүүгө милдеттенме алдык. Ошондуктан, биз жети-сегиз жылдан кийин, биздин мөөнөт толук кандуу иштей баштаганда, акча агымы жана соода-экономикалык мамилелер бир кыйла көбөйүшү керек деп эсептейбиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков