Казакстан менен Иран жалпы суммасы 93 млн долларга жакын келишимдерге кол коюшту. Ошондой эле атамекендик ишкерлер аталган өлкөгө 250 миллион доллар өнүм жеткирүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Бул Тегерандагы бизнес форумдун жыйынтыгы. Ага 50дөн ашык казакстандык жана 230га жакын Ирандык ишкерлер катышты. Белгилей кетсек, айыл чарбасы эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Ошентип, Казакстан Ислам Республикасына буудай, арпа, ун жана өсүмдүк майларын жеткирүүнү көбөйтүүгө кызыкдар. Өткөн жылы мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүү 340 миллион долларды түзгөн. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 12% га көп. Ал эми айыл чарба өнүмдөрүн өз ара соода алакасы үчтөн бирге өсүп, 220 миллион долларга жетти.
Абылай Санан,
ишкер:
- В2В жолугушууларынын жүрүшүндө бир катар Ирандык компаниялар менен жолуктук. Азыр алардын товарларын импорттоо жана биздин өнүмдү экспорттоо боюнча көптөгөн макулдашуулар жүрүп жатат. Мындай иш-чараларды өткөрүү биздин өлкөлөрдүн экономикасына, башка өлкөлөрдүн экспортко багытталышына да оң таасирин тийгизет деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

