Казакстан инвесторлор менен өнөктөштүктү күчөтүүдө

Казакстан инвесторлор менен өнөктөштүктү күчөтүүдө

Казакстандын Премьер-министри чет элдик инвесторлор менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Олжас Бектенов Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен 2026-2031-жылга чейин арналган өнөктөштүктүн негизги стратегиясын ишке ашыруу маселелерин талкуулады. Ошондой эле көп жылдык кызматташтыктын маанилүүлүгү да белгиленди. Антонелла Бассани өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору баалап, жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады.

Антонелла Бассани, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти:

– Казакстандын Конституциясынын кабыл алынышы - ар бир мамлекеттин тарыхында сейрек кездешүүчү, өлкөнүн келечек өнүгүү багытын аныктаган өтө маанилүү этап. Ошондой эле, акыркы бир нече жыл ичинде өлкө жетишкен таасирди экономикалык жыйынтыктарды өзгөчө белгилеп кетким келет. Тактап айтканда, ички дүң өнүмдүн туруктуу өсүшү жана калктын жашоо деңгээлинин бир кыйла жакшырышы жогорку баалоого татыктуу.

Мындан тышкары, Өкмөт башчысы Shell plc компаниясынын «Чалгындоо жана өндүрүү» бөлүмүнүн президенти Питер Костелло менен Карачаганак жана Түндүк Каспий долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. Геологиялык чалгындоо чөйрөсүндөгү кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү да каралды. Chevron Upstream президенти Клэй Нефф менен жолугушууда да дал ушул багыттагы мүмкүнчүлүктөргө, тактап айтканда, Теңиз жана Карачаганак долбоорлоруна, жаңы өндүрүштүк объектилерди туруктуу пайдаланууну камсыз кылууга көңүл бурулду. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча инвестициялык кызматташтыкты бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиги тастыкталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков