Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Президенти менен жолугушту

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Президенти менен жолугушту

Касым-Жомарт Токаев кесиптеши Садыр Жапаров менен жолугушту. Кыргызстандын президенти Казакстанга Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа кеңешинин төрагасынын жыйынына катышуу үчүн келди. Эки өлкөнүн лидерлери соода тармагындагы өкмөттөрдүн биргелешкен ишинин практикалык натыйжаларына жогору баа беришти. Белгилей кетсек, ошол эле учурда өткөн жылга салыштырмалуу товар жүгүртүү дээрлик 18%га өскөн. Тараптар ушундай жол менен эки тараптуу сооданын көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү милдети системалуу түрдө ишке ашырылып жатканын баса белгилешти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков