Парламент палаталарынын кошмо жыйынын чакыруу жөнүндө жарлыкка Мажилис төрагасы Ерлан Кошанов кол койду. Жыйын аяк оона айынын 16да өтөт. Эл шайлаган өкүлдөр Конституцияга президенттин ыйгарым укуктарын 7 жылдык бир мөөнөт менен чектөө боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүгө добуш бериши керек. Эске сала кетсек, кечээ республиканын Конституциялык кеңеши Касым-Жомарт Токаевдин “Казакстан Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун 91-беренесинин 2-пунктуна ылайык келишин текшерүү боюнча кайрылуусун карап, чечим кабыл алынган. Буга байланыштуу Конституциялык кеңешме мыйзам долбоорун белгиленген талаптарга ылайык - деп таап, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Казакстандын укуктук саясатына карама-каршы келбестигин тааныган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков