Казакстан ИДӨ өсүшү боюнча КМШда алдыга чыкты

Казакстан ИДӨ өсүшү боюнча КМШда алдыга чыкты

Казакстан ИДӨ көрсөткүчтөрүнүн өсүшү боюнча Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн ичинде алдыңкы орунда. Тактап айтканда, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Беларусь, Грузия, Армения жана Молдова мамлекеттеринин көрсөткүчтөрүнөн жогору. Finprom.kz маалымдагандай, Эл аралык Валюта Фондунун божомолуна ылайык, 2028-жылга карата өлкөнүн экономикасындагы өсүш 355 миллиард долларга жетет. Бул быйылкы жылга салыштырмалуу 37%га көп. Ал эми 2023-жылга карата жалпы ички дүң өнүм 259 миллиард долларга жетиши керек. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 15%га көп. Айта кетсек, президент Касым-Жомарт Токаев Өкмөттүн алдына чоң тапшырма койгон. Ага ылайык, Казакстандын экономикасынын көлөмү 2029-жылга чейин эки эсеге өсүп, жалпы ички дүң өнүм 450 миллиард долларга жетиши керек. Деген менен бул экономиканын жылдык өсүү темпи 6% болгондо гана мүмкүн болот. Анын ичинде стратегиялык бул максатка жетүү үчүн кайра иштетүү тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. Эске сала кетсек, быйыл чийки зат эмес сектордо 290 долбоорду ишке киргизүү мерчемделген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков