Тоскоолдуксуз сооданы өнүктүрүү, ишкердик климатты түзүү, туристтик дараметти ачуу. Алматыда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында ушул жана башка маселелер боюнча Биримдиктин алкагында өз ара иштешүүнүн негизги аспектилери жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Казакстандын Премьер-министри туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн тартымдуу бизнес-чөйрөнү түзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Бүгүнкү күндө бирдиктүү мейкиндиктин аймагында жөнгө салуучу жана реалдуу таасирлерге баа берүү механизми иштейт. Ишкердикти жүргүзүү шарттарын жакшыртуу үчүн өз ара эл аралык келишимдерге реалдуу таасирди баалоо механизмин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү сунушталды. Мындан тышкары, туристтик чөйрөдөгү кызматташтыктын келечегине көңүл бурулду. Популярдуу багыттар жана кооз жерлер жөнүндө бирдиктүү маалыматтык ресурс түзүү боюнча ишти күчөтүү боюнча сунуш киргизилди. Отрумудун жыйынтыгында Өкмөт башчылар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган бир катар документтерге кол коюшту.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, Евразия экономикалык биримдиги экономикалык интеграция жана өз ара сооданы өнүктүрүү жараяны ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан маанилүү аянтчалардын бири катары өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Ошол эле учурда улуттук деңгээлде, Бирликтин алкагында тышкы шарттарга натыйжалуу адаптациялоо мүмкүнчүлүгү биздин экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуунун негизги фактору болуп калат. Башкача айтканда, бул мүмкүнчүлүктөрдүн аянтчасы гана эмес, жалпы кызыкчылыктарды жана өнөктөштүк мамилелерди бекемдеп, дүйнөлүк аренада биздин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүбүздү жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

