Казакстан-Германия: Кызматташтыктын 30 жылдыгы

Казакстан-Германия: Кызматташтыктын 30 жылдыгы

Казакстан менен Германиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2022-жылдын 9 айында болжол менен 7 миллиард еврону түздү. Бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 83%га жогору. Өлкөлөр эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке киргизүүгө ниеттенүүдө. Берлиндин Евразиялык клубунун 36-жыйынында көтөрүлгөн маселелер тууралуу алдыдагы материалда.  

Казакстан Германиянын Борбордук Азиядагы эң маанилүү соода-экономикалык өнөктөшү. Бул тууралуу Берлин Евразиялык клубунун жыйынында саясатчылар, ишкерлер, инвесторлор, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү айтышты. Серепчилер  эки тараптуу мамилелер тез өнүгүп жатканын жана немис бизнесинин Казакстан базарына кызыгуусу артканын белгилешти. Учурда Казакстанда немис капиталынын катышуусу менен 600дөн ашык компания иштеп жатат.

Михаэль Хармс, Германия экономикасы Чыгыш комитетинин аткаруучу мүдүрү:

Берлин Евразиялык клубу ар дайым өтө маанилүү иш-чара болуп келген. Биздин өнөктөштүгүбүз 30 жылдан ашык убакыттан бери абдан жемиштүү болуп келет. Пандемиядан кийин биз экономикалык көрсөткүчтөрдү калыбына келтиргенибизди белгилеп кетмекчимин. Биздин соодабыз мындан ары да өсө берет деп ишинем. Ошол эле учурда немис ишкерлеринин Казакстан рыногуна кызыгуусу артты.

Бүгүнкү күндө Казакстан менен Германия түрдүү тармактарда ийгиликтүү кызматташып келет. Атап айтканда, унаа жасоо, логистика, кайра жанма энергия булактары, айыл чарбасы, ошондой эле башка тармактар да ​​бар. Конференциянын катышуучулары эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечеги кең экенин белгилеп, жашыл суутек өндүрүү долбоорунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Мухар Тлеуберди, Казакстан Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри:

Учурда немис компаниясынын Мангыстау облусунда суутек өндүрүү боюнча «жашыл» долбоору кайра жанма энергия долбоорлорунун флагманы болуп саналат. Бул долбоор 2030-жылга чейин ишке ашырылат. Электр энергиясы 30 гигаваттка чейин өндүрүлөт. Германияны гана эмес, европалык рынокту да камсыз кылуу үчүн 2 миллион тоннадан ашык суюк суутек өндүрүлөт.

Казакстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылынын ичинде өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтык түзүлдү. Мындан ары тараптар өнөктөштүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.

Которгон: илгиз Жамалбеков