Шымкент шаарынын башкы планы бекитилди

Шымкент шаарынын башкы планы бекитилди

Шымкенттин өнөр жай аймактары жаңыртылып, турак-жай курулушу тездетилет. Кооптуу экологиялык аймактар жоюлуп, жашоо шарты жакшыртылат. Шырайлы шаарынын ушул жана башка жаңы өзгөрүүлөрү 2035-жылга чейин пландаштырылган. Өкмөт мегаполисти өнүктүрүүнүн башкы планын бекитти. Документке ылайык, шаарда суткасына 20 миң жүргүнчүнү өткөрө турган темир жол бекети пайда болот. Бул өз кезегинде өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, ата мекендик өнүмдөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга түрткү берет. Ошондой эле, Next Generation Network технологиясын колдонуу менен телекоммуникациялык тармактарды кеңейтүү жана модернизациялоо маселелери өзүнчө талкууланат.

Динара Алимова, Премьер-министрдин басма сөз катчысы:
-Өкмөт Шымкент шаарын 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн негизги планын бекитти. Тиешелүү токтомго премьер-министр Алихан Смаилов кол койду. Башкы планда өндүрүштүк участокторду жаңылоого өзгөчө көңүл бурулган. Жаны өнөр жай аймактарды куруунун эсебинен алардын территориясын 5 миң гектарга көбөйтүү мерчемделип жатат. Көрүлгөн чаралар 1 миллиондон ашык адамды иш менен камсыз кылат. Мындан тышкары, Бадам, Кошкарата, Карасу жана Сайрамсу дарыяларынын суу коргоочу тилкелеринин жана зоналарынын долбоорлору иштелип чыгат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков