Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы кол койду. Белгилей кетсек, өкмөт башчылыкка талапкерди шайлоодо жеңип чыккан «Аманат» партиясы көрсөткөн. Мажилистин депутаттарынын дээрлик 85 пайызы Алихан Смаиловду колдоп добуш беришти. Парламенттин пленардык жыйынында президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн негизги милдеттерин жана артыкчылыктуу багыттарын атады. Алардын негизгилери экономикага багытталган. Тактап айтканда, атаандаштыкка жөндөмдүү экономика түзүп, ИДӨдүн өсүшүн 4 пайызга чейин жеткирүү. Инфляцияны ооздукмайынча бул максатка жетүү мүмкүн эместиги түшүнүктүү. Жаңы Өкмөт быйыл аны кеминде эки эсеге кыскартышы керек. Ошондуктан мамлекет башчысы азык-түлүктүн баасын жөнгө салууга көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле Өкмөт агроөнөр жай комплексин колдоп, ички рынокту өзүбүздүн продукция менен камсыздоого аракет кылышы керек. Административдик реформаны улантуу, бюрократизмди минимумга чейин кыскартуу — жаңы Министрлер кабинетинин алдына коюлган милдет. Ошону менен бирге президент мамлекеттик аппараттын ишин карап, аны жаңылоону тапшырды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Мамлекеттик органдардын тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткаруусу жетишсиз. Жаңы демилгелерди көтөрүп, экономиканын өсүшүн камсыздай турган жаңы идеяларды сунуштоо зарыл. Министрлер менен акимдердин ишмердүүлүгүнө баа берүүдө алардын бул багыттагы иш-аракеттерине өзгөчө көңүл бурулат. Калктын мамлекетке болгон ишенимин арттыруу да өтө маанилүү милдет. Эл бийликтин өзгөртүү киргизүүгө даяр жана ынтызар экенин көрүшү зарыл. Бир сөз менен айтканда “Элдин үнүн уккан мамлекетти” түзүү керек.
Өз кезегинде Алихан Смаилов Өкмөт мындан ары да ишкерликти колдоону жана бизнес климатты жакшыртууну, чийки эмес товарларды өндүрүүнү көбөйтүүнү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну, айыл аймактарынын инфраструктурасын, эл аралык коридорлорду өнүктүрүүнү улантарын айтты. Буга кошумча Өкмөт Парламент депутаттары менен ынтымактуу иш алып барарына ишеним билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков