Казакстанда быйыл биринчи жарым жылдыкта 5,8 трлн теңгени түзгөн 13 ири мамлекеттик аудит жүргүзүлдү. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 128 млрд теңге кайтарылды. Бул тууралуу Казакстандын Президентине Жогорку аудитордук палатанын төрагасы билдирди. Алихан Смаиловдун маалыматы боюнча, быйыл экинчи жарым жылдыкта дагы 20 мамлекеттик аудитти аяктоо пландалууда. Анын 4ү Мамлекет башчысынын тикелей тапшырмасы боюнча башталган. Ошондой эле жаңы Курултай менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында 2027-2029-жылдарга арналган республикалык бюджет долбоору бааланат. Касым-Жомарт Токаев заманбап санариптик чечимдерди жана жасалма интеллект технологияларын киргизүүгө артыкчылык берүү менен мамлекеттик аудит тутумун өркүндөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

