Франциянын ири ишканалары өлкөнүн бир нече тармактарында биргелешкен өндүрүш ишканаларын ачууга ниеттенүүдө. Мындай макулдашууга президент Касым-Жомарт Токаевдин расмий сапарынын алкагында, аталган мамлекеттин алдыңкы компанияларынын жетекчилери менен жолугушууда жетишилди. Европанын эң өнүккөн өлкөсү менен түзүлгөн келишимдер тууралуу кененирээк кабарчыбыздын репортажында.
Атомдук өнөр жай, энергетика, өнөр жай газдарын өндүрүү, транспорт тармактары. Ушул жана башка багыттар боюнча француз компаниялары жаңы долбоорлорду ишке ашырууга жана өлкөдө иштеп жаткан өз ишканаларынын горизонтторун кеңейтүүгө даяр. Президент бир нече ири компаниялардын жетекчилери менен жеке жолугушту. Ал жерде эски континенталдык мамлекеттин эң күчтүү бизнесмендери менен келишимдер да түзүлдү.
Андан соң Касым-Жомарт Токаев Казакстан-Франция инвестициялык форумуна катышты. Жыйында отургандар каржылык капиталы миллиарддан ашкан бизнесмендер. Эркин форматта өткөн жыйында президент өлкөдө инвесторлор үчүн бардык шарттар түзүлөрүн билдирди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Казакстан менен Франциянын ортосундагы соода жүгүртүү 12 пайызга өскөн. Казакстанда Франциянын соода өкүлчүлүгүнүн түзүлүшү биздин кызматташтыгыбызды бекемдөөгө көмөктөшөт деп ишенем. Биз анын тезиреек түзүлүшүн кубаттайбыз. Француз компанияларын да биздин өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга чакырам. Казакстан коопсуз жана туруктуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө кепилдик берет деп ишенимдүү айта алам.
Францияга келген казакстандык ишкерлер бир нече келишимдерге кол коюшту. Маселен, Павлодар шаарындагы курулуш материалдарын чыгаруучу завод француздардын технологиясын алып, товарлардын түрүн көбөйтө турган болду. Балкаш көлүнүн жанында кайра жанма энергия станциясы курулат. Темир жол инфраструктурасы үчүн электровоздорду жана жабдууларды чыгарган француз компаниясы Астана, Алматы шаарларында, ошондой эле Жамбыл менен Түркестан облустарында тейлөө борборлорун ачууну пландап жатат. Ал өзүнүн долбоорлорун ишке ашырууга 50 миллион евро салууга ниеттенүүдө. Мындан тышкары дагы бир француз компаниясынан учактарды сатып алуу боюнча келишим түзүлдү.
Кайырбек Өскөнбаев, Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:
Биздин Airbus менен абдан жакшы мамилебиз бар. Биз көп учактарды алып жатабыз. Жыйырма бешинчи жылга чейин жыйырма сегиз учак сатып алганы жатабыз. Негизи 51 учак алабыз. Жыйырма сегизи Airbus, калганы Боинг болот. Жалгыз аны менен чектелбей, ага кам көрө турган тейлөө борборун ачуу керек.
Өндүрүштүн жана цивилизациянын өнүгүшү илим менен тыгыз байланышта. Бул багытта 22 документке кол коюлду. Казакстанда Франциянын политехникалык университетинин филиалы ачылмак. Буга чейин мындай масштабдуу келишим түзүлгөн эмес.
Которгон: Илгиз Жамалбеков