Буга байланыштуу бүгүн Түндүк Казакстан облусунда шайлоочулардын тизмелери текшерилип, шайлоо участкалары даярдалууда. Облуста алты жүздөн ашык шайлоо участкалары бар. Ошол эле учурда шайлоо укугуна ээ жарандардын маалыматтарын тактоо иштери жүрүп жатат. Шайлоочулардын арасында эки миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Алар керектүү материалдык-техникалык база, сурдокотормо кызматы менен камсыздалган.
Олжас Ыдырысов, облус акимчилиги аппаратынын жетекчиси:
- 631 шайлоо участогунун 532синде пандустар, буга кошумча тактилдик көрсөткүчтөр менен камсыз кылынган. Угуу жөндөмдүүлүгү начар 652 шайлоочуларга онлайн же оффлайн режиминде жардам көрсөтүү үчүн шайлоо участкаларында сурдокотормочу кызматтары иштейт. Добуш берүү күнү облустун борборунда инватакси жана социалдык такси кызматы ишке кирет.
Сагындык Маугазин, облусттук шайлоо комиссиясынын мүчөсү:
- Ал эми облустук маслихатка келе турган болсок 53 талапкер расмий катталган. Ал эми Петропавлов шаардык кеңешине 53 талапкер катталды. Мындан сырткары 6 партия облустук маслихатка өздөрүнүн партиялык тизмесин сунушташты.
Ал арада Павлодар облусунда бардык деңгээлдеги парламент жана маслихат депутаттыгына 688 талапкер көрсөтүлдү. Бүгүнкү күндө 600гө жакын жаран расмий каттоодон өттү. Мындан тышкары саясий партиялардын атынан 77 жаран талапкерлигин көрсөткөн. Талапкерлердин көбү райондук жана шаардык маслихаттарды шайлоого катышат. Бир мандатка орто эсеп менен үч адам катталат. Талапкерлердин эң кичүүсү 20 жашта. Шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнүн айтымында, жаштардын шайлоого катышуусу мурда болуп көрбөгөндөй болду.
Гүлнар Аманжолова, облусттук аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы:
- Бул жолку атаандаштык мурунку шайлоолорго караганда күчтүү болот. Мыйзам боюнча бир округдан экиден кем эмес талапкер катталышы керек. Ал эми биздин облустагы айрым райондордо 10 талапкер бар. Кийинки максатыбыз саясий өнөктүктү мыйзам бузуусуз, бардык талаптарга ылайык өткөрүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков