Ошондой эле өз ара сооданын көрсөткүчтөрүн жогорулатуу көздөлүп жатат. Азыр Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын ортосундагы сооданын көлөмү 16 миллиард долларга жетти. Серепчилердин айтымында, дагы эле кызматташуунун жаңы чекиттерин таап, дараметин арттыруу зарыл.
Замир Каражанов, саясат таануучу:
- Тышкы дүйнөдө геосаясий күрөш жүрүп жатканын, бири-бирине каршы санкциялар дүйнөлүк экономикага жана дүйнөлүк соодага терс таасир этип жатканын түшүнүү керек. Региондорго келсек, азыр биз үчүн болжолдуу бойдон кала берет. Биздин чөлкөмдө биз кандай мамиле түзөбүз, ошондой жашайбыз. Эгерде биз мамлекеттер ортосунда сооданын жана инвестициянын көлөмүн өстүрө турган мамилелерди түзсөк, анда экономиканын өсүү темпи эки эсеге өсөрүн байкайбыз.
Маселен, Казакстан менен Түркмөнстан жакынкы аралыкта бул көрсөткүчтү 1 миллиард долларга жеткирүүгө кызыкдар. Кыргызстан менен соода жүгүртүү эки эсеге өсөт. Азыр казак бизнеси Өзбекстандын рыногуна активдүү киришүүдө. Коңшу республикага буудай, ун, картошка, эт жеткирилет. Алардан автоунаалар, кездемелер алынып келинет. Ата мекендик компаниялардын бири Ташкентте жаңы турак жай комплексин куруп жатса, экинчиси ири транспорттук-логистикалык терминалдын пайдубалын түптөөдө. Негизинен адистердин айтымында, Борбордук Азия өлкөлөрүндө даяр өнүмдөрү өндүрүү жана экспорттоо үчүн бардык ресурстар бар. Бул аймактык кызматташтык аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө жана өстүрүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков