Абай облусунун Караул
айылынын тургуну Ерканат Ергазы уулу британиялык белгилүү аткаруучу Дуа Липанын
жаңы альбомуна ыр жазды. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жарыялады. Чет
элдик ырчынын «Radical optimism» аттуу
альбому бугу айынын 3дө жарыкка чыгат. Ерканат «Illusions» аттуу треклисттеги
бир ырга обон жазган. Ал учурда музыкант жана жергиликтүү мектепте биология сабагынын
мугалими, ошондой эле, көптөгөн дүйнөлүк деңгээлдеги артисттердин ырларына
аранжировка жазуу менен алектенет. Бирок
Ерканат муну менен эле чектелип калууну каалабайт.
Ерканат Ергазы уулу:
- Казактандык жылдыздардан айта кетсек, Мөлдир Есенбек,
лакап аты Say Mo, De Lacure. Азыр аны
менен доспуз. Rick деген ырчы бар. Аили деген абдан таланттуу, өзүмө жакын
артисттер бар. Алар менен иштешүүгө жетиштим. Дүйнөлүк деңгээлде айта турган
болсок, Anitta бар, Dua Lipaдан башка бразилиялық
ырчы, Manila Grey канада-филиппин дуэти, алар RNB жанрында ырдашат. Кайсы ырчы менен иштешким келет? Бул,
албетте, бельгиялык ырчы Stromae. Ал дүйнө боюнча белгилүү. Анын
музыкага деген көз карашы аранжировкалары, үнү абдан өзгөчө.
Кошумчалай кетсек, өнөр ээси
америкалык рэперлер тобунун видеосун тартуу учурунда бит боюнча биргелешкен
продюсер катары катышкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков