Казакстандык «Nomad Stunts» каскадёрлор тобунун мүчөсү Галымбек Каратүрк Индиядагы кинофестивалда жеңишке жетти. «Атвикваруни» фестивалына дүйнөнүн булуң-бурчунан 240тан ашык эмгек катышып, казакстандык картина эң мыкты чет элдик тасма номинациясын жеңип алды. Каскадёр гана эмес, актёр жана режиссер Галымбек Каратүрк фестивалга алып барган чыгармасын да өзү тарткан. Бүгүн ал «Улуттук Өнөр» университетинин студенттери менен тажрыйбасын бөлүшүүдө. Жакынкы арада дагы бир нече кыска жана толук метраждуу кино тасмаларды жарыкка чыгарууну пландап жатат.
Галымбек Каратүрк, каскадер:
- Биздин негизги максатыбыз - өзүмдүн кесипкөй деңгээлимди сынап, жогорулатуу жана текшерүү болду. Ошондон улам ушундай чоң сынакка катыштым. Мен үчүн ийгиликтүү долбоор болду десем болот. «Тутулган жарык» деген ар кайсы улуттун башка улутка окшобогон философиясы болот. Анын ичинде өзүбүздүн улуттук философиябыздын жаратылыш менен байланышын көрсөтүү болду. Жети жылдан бери чогуу иштеп келе жаткан дүйнөгө белгилүү Nomad эл аралык каскадерлор тобунун улан-кыздары катышты.
Белгилей кетсек, казакстандык каскадёрлордун тобу дүйнөлүк деңгээлде өз тармагында мыкты деп табылган. Nomad Stunts тобунун мүчөлөрү «Томирис» тасмасы үчүн «Таурус» сыйлыгын алышты. Бул сыйлык каскадёрлордун «Оскары» деп аталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков