Казакстан Евробиримдик менен виза режимин жеңилдетүү боюнча келишимди улантууда

Казакстандык дипломаттар Евробиримдиктин өлкөлөрү менен визалык режимди жеңилдетүү боюнча иштерди улантууда. Тактап айтканда, керектүү документтердин тизмесин азайтуу, кароо мөөнөтүн кыскартуу, визанын жарактуу мөөнөтүн узартуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлүнөн брифингинде белгилүү болду. Айбек Смадияровдун айтымында, тараптар эки жолу сүйлөшүү өткөрүштү. Биринчиси Брюсселде, экинчиси Астанада уюштурулду. Аяк оона айынын аягында болгон акыркы жолугушууда Европа элчиликтеринин өкүлдөрү бул жараянга чоң кызыгуу көрсөтүшкөнүн ырасташты. Бирок конкреттүү мөөнөттөр жок.

Айбек Смадияров, ТИМдин расмий өкүлү:
-Эсиңиздерде болсо, жазында тышкы иштер министри Мурат Нуртилеу Брюсселге иш сапары менен барган. Анда Евробиримдиктин виза маселеси боюнча жооптуу жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушкан. Жыйынтыгында Европа тарап бизге виза алууну жеңилдетүү боюнча саясий келишим түзүлдү. 27 мамлекет бар. Бул оңой эмес. Мунун баарынан өтүп, визалык режимди жеңилдетүү боюнча макулдашууга жетишүү керек.


Которгон: Илгиз Жамалбеков