Премьер-министр экономиканын мындан аркы өнүүгүсүн серепчилер менен талкуулады

Премьер-министр экономиканын мындан аркы өнүүгүсүн серепчилер менен талкуулады

Туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүү боюнча чараларды жана мамилелерди бүгүн Премьер-Министр бизнес жана серепчилик коомчулуктун өкүлдөрү менен талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары жаңы салык жана бюджет кодекстеринин долбоорлорун карашты. Премьер – министрдин орун басары-Улуттук экономика министри Серик Жумангарин салык-бюджеттик реформаны жүргүзүү боюнча кадамдарды айтты. Ал белгилегендей, инновациялар өнөр жайды өнүктүрүү, инфраструктураны жаңылоо, аймактардын жаңы өсүү түйүндөрүн ишке киргизүү боюнча милдеттерди чечүү үчүн зарыл. Жолугушуун жыйынытыгында Өкмөт серепчилердин сунуштарын иштеп чыгары, аларды мындан ары да өлкөнүн ИДӨнө өсүшүнө өбөлгө түзүүчү максималдуу натыйжалуу чараларды иштеп чыгууга жигердүү тартаары айтылды.  

 

Дармен Садвакасов, «DASCO CONSULTING GROUP» ТОО башкаруучу өнөктөш: 

 

- Азыркы шартта мамлекеттин кирешесин жогорулатуу зарылдыгын баары түшүнөт, балким, муну кантип жасоо керек? деген суроо туулат. Албетте, салыктык башкаруу темасына көп көңүл бурулду, башкача айтканда, ал натыйжалуу болду. Башка серепчилер экономикадагы структуралык реформалар, бюджеттин натыйжалуу чыгымдалышы, чыгаша бөлүгүндө ачыктык жөнүндө баса белгилешти. Премьердин бүгүнкү позициясы бул диалогго бизнести максималдуу түрдө тартуу, ага жараша салмактуу чечимдерди иштеп чыгуу болду. 

 

Елена Бахмутова, «Казакстандын финансистер  ассоциациясы» кеңешинин төрайымы: 

 

- Салыктык-бюджеттик реформанын максаты, мамлекеттик каржыны чыңдоо, адилеттүү салык салуу жана бюджеттин өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарын кайра форматтоо болуп саналат. Бул ИДӨ өсүшүнө, экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө тийиш болгон абдан маанилүү максат. 


Которгон: Илгиз Жамалбеков