Казакстан Евразиянын санариптик хабы болууну пландоодо

Казакстан Евразиянын санариптик хабы болууну пландоодо

Казакстан Евразиядагы эң ири санариптик хаб жана бардык тармактарда жасалма интеллектти ишке ашырууда лидер болууга умтулууда. Ошол эле учурда мамлекет 5 жылдын ичинде толугу менен санариптештирилиши мүмкүн.  Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана эл аралык форумунун алкагында билдирди. Айта кетсек, бир катар өлкөлөрдөн делегаттар өлкөнүн тажрыйбасын өздөштүрүү, санариптик трансформациянын мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири таанышуу жана бул жаатта ишкердик кызматташтыкты түзүү максатында Астанага келишкен. Алардын арасында Конгодон келген меймандар да бар.  Каржы министрлиги бул өлкө менен өткөн жылы өз ара түшүнүшүү келишимине кол койгон. Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыра башташты. Космостук изилдөөлөрдү жүргүзүү жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Уилсон Эмери Бокатола, Конго Республикасынын почта жана электрондук байланыштарды жөнгө салуу агенттигинин жыштык ресурстары боюнча мүдүрү:


- Биз үчүн чоң тажрыйба, анткени  буга чейин бул жерде болгонбуз.  Өлкөбүз үчүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алабыз деп үмүттөнөбүз. Казакстанда маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, технология, жасалма интеллект, ошондой эле киберкоопсуздук жаатында көптөгөн жетишкендиктер бар. Мына ошондуктан биз бул жердебиз. Биз NITEC (Улуттук маалыматтык технологиялар) менен кызматташууну баштадык, ал эми космостук долбоор боюнча Казакстандын KGS (Kazakhstan Gharysh Sapary) компаниясы менен иштешип жатабыз. Биз бул жерде болуп, Казакстан өкмөтү менен дагы кандай долбоорлорду баштасак болорун көрүп жатканыбызга абдан кубанычтабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков