АӨБ өнөктөштүктүн жаңы стратегиясын иштеп чыгууда

АӨБ өнөктөштүктүн жаңы стратегиясын иштеп чыгууда

Азия өнүктүрүү банкы Казакстандын 2023-2027-жылдарга карата өнөктөштүктүн жаңы стратегиясын иштеп чыгууда. Бул тууралуу өкмөт башчы жана банктын мүдүрлөр кеңешинин мүчөлөрү менен болгон жолугушууда белгилүү болду. Өлкөнүн өнөктөштүк стратегиясы Казакстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыктын негизги документи болуп, республиканын өнүгүү максаттарына жетишүүгө салым кошот. Бүгүнкү күндө республиканын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, салык-бюджет саясатын өркүндөтүү, экономиканы декарбонизациялоо аракеттери көрүлүүдө. Өз кезегинде Азия өнүктүрүү банкынын аткаруучу мүдүрү Казакстан өкмөтү менен бардык кызыкчылык туудурган багыттар боюнча жигердүү ишти улантууга даяр экенин ырастады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков