Казакстандын экономикасы өндүрүштүн пандемияга чейинки деңгээлине жетти. Бул тууралуу Эл аралык валюта фонду миссиясынын башчысы билдирди. Николя Бланшенин айтымында, Казакстан кайра калыбына келүү темпин ишенимдүү көрсөтүүнү улантууда. Ал ошондой эле, каржылык көзөмөлдү күчөтүү, инфляциялык таргеттөө, салык жана бюджеттик башкарууну санариптештирүү боюнча республика тарабынан көрүлүп жаткан чараларга жана 2060-жылга карата көмүртектин нейтралдуулугуна жетүү боюнча милдеттенмелерге жогору баасын берди. Ошол эле учурда, серепчи өлкөдө инфляция дагы деле көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертти. Андыктан ал Улуттук банктын акча-насыя саясатын катаалдаштырууну туура деп эсептейт.
Николя Бланше, Эвфнун Казакстан боюнча миссия башчысы:
- Казакстандын Улуттук банкы базалык ченди 0,25% көтөрдү. Өлкөдөгү кырдаалды талдап, биз бул саясатты улантуу керек деп эсептейбиз. Анткени инфляция дагы эле өсүп жатат. Ошондой эле, Улуттук банктын экономиканы колдоо боюнча мамлекеттик программалардан баш тартуу демилгесин да колдойбуз. Өлкөдө каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү, Атаандаштыкты коргоо боюнча агенттиктин түзүлүшү өлкөнүн экономикасынын талаптагыдай алдыга жылуусуна түрткү болот деп ойлойбуз. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстандын экономикасынын өсүү темпи калыбына келтирүү динамикасын сактоо менен 3,7 пайызга жетет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков