Казакстан президенти Жогорку соттун төрагасын кабыл алды

Казакстан президенти Жогорку соттун төрагасын кабыл алды

Теке айынын 1нен тарта Казакстанда мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча түзүлгөн өз алдынча кассациялык соттор иштеп баштады. Биринчи айда эле алардын кароосуна 5 миңге жакын арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Казакстандын Президентине Жогорку соттун төрагасы билдирди. Асламбек Мергалиев өлкөдө медиация жана элдешүү келишимдери аркылуу аяктаган жарандык иштердин саны 24%га өскөнүн билдирди. Жолугушуунун аягында Касым-Жомарт Токаев сот системасына болгон ишенимди жана сот адилеттигинин сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков