Тажик туш кийизи - сюзане, түркмөн улуттук папахасы, гүлдөр менен саймаланган орус элдик рушниги. Борбор калаада Казакстан элинин биримдиги күнүнө арналган “Казакстан: эл ынтымагы” аттуу тематикалык көргөзмө ачылды. Анда коюлган уникалдуу заттар өлкөнүн түрдүү этносторунун тарыхый өз ара карым-катнашын, кызматташтыгын жана маданий калыптануусун көрсөтөт. Экспонаттар аркылуу келгендерге түркмөн, өзбек, азербайжан, беларусь, орус, корей жана башка элдердин улуттук кийимдери, идиш-аяктары жана килем тарыхы менен жакыныраак таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Көргөзмөдө килем жана кийиз, азем белектер, көркөм өнөр эмгектери коллекцияларынан 200дөн ашык музей баалуулуктары сунушталган.
Гүлим Сабыржан кызы, Президенттик борбордун экскурсия иши кызматынын ага серепчиси:
– Көргөзмөнүн негизги максаты – улуттар аралык ынтымактын казакстандык модели негизинде өлкөдөгү ишенимди жана ынтымакты, тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө болуп саналат. Көргөзмөдө, албетте Казакстандын көп векторлуу тышкы саясатынын негизиндеги дипломатиялык мамилелердин көрүнүшү катары ар кайсы өлкөлөрдөн келген белектердин, анын ичинде тажиктердин Сюзане килемин мисал келтирсек болот. Бул килемди жаш кезинен бери апасы кызына сеп катары атайын токуптур.
Которгон: Илгиз Жамалбеков