Быйыл
казактын улуу акыны Абай Кунанбай уулунун 180 жылдык мааракеси белгиленет.
Белгилүү датага карата Абай облусунда 500гө жакын иш-чара уюштурулат деп күтүлүүдө.
Бүгүнкү күндө
алардын биринчи алгачкысы Семейде
башталды. «Жидебай-Бөрили» мамлекеттик
музей-коругунда «Абай-дүйнөлүк ой
жүгүртүүнүн алпы» жана «Абай сүрөт өнөрүндө» көргөзмөлөрү ачылды. Анда
акындын 1909-жылы Санкт-Петербургда басылган чыгармаларынын биринчи жыйнагы, Абайга
арналган музей фондундагы
кол жазмалар, эстелик буюмдар, музыкалык
аспаптар, фотосүрөттөр коюлган. Мындан тышкары, музейде сүрөт тартуу, графика, сайма
сыяктуу техникаларда жасалган 900дөн ашык көркөм сүрөт чыгармалары сакталуу турат.
Нурсулу Өмирбекова, экспозиция жана көргөзмө уюштуруу
бөлүмүнүн жетекчиси:
- Бул Жаркынбаевдин көргөзмөдө алгач коюлуп жаткан эмгеги.
Стринг-арт технологиясы менен
жасалган Абайдын образын жыгачка кагып отуруп, жип менен тарткан стринг-арт
технологиясы менен даярдалган эмгеги коюлуп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

