Касым-Жомарт Токаев казакстандыктарды ыйык Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул ыйман менен боорукерликтин, адептүүлүктүн, чынчылдыктын жана жоопкерчиликтин маанисин арттырган майрам. Мамлекет башчы бул майрам жалпы мусулмандар тарабынан өзгөчө урматталып, жакшылык жана кайрымдуулук демилгелерди жайылтууга салым кошоорун белгиледи. Ошондой эле президент диндин каада-салт менен тыгыз байланышта экенин кошумчалады. Эл ар дайым кыйынчылыкка туш болгон жарандарга колун сунуп, жардамын аяган эмес. Айрыкча жазгы суу ташкынында бул ачык байкалды.
Мындан тышкары Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев борбор калаадагы Азирет Султан мечитинде болду. Мечитте куран окулуп, Мамлекет башчынын атынан курмандык чалынды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков