Астана Балет сахнасында Ромео Джульетта спектакли коюлду

Астана Балет сахнасында Ромео Джульетта спектакли коюлду

Мамлекеттик академиялык бий театры түбөлүк классиканы борборго алып келди. Казакстандык балет легендасы Булат Аюхановдун сахналык вариантындагы «Кармен-сюита» жана «Ромео менен Джульетта» аттуу бир актылуу спектаклдерди Алматылык артисттер «Астана балет» театрынын сахнасында көрсөтүштү. Атамекендик хореограф касташкан Монтекки жана Капулетти үй-бүлөлөрүнөн чыккан эки жаш жүрөктүн кайгылуу махабаты тууралуу окуяга өзүнүн жаңычыл ыкмасын кошкон. Анын балет версиясы болгону 20 мүнөткө созулат, бирок баштапкы окуянын эмоциясынын толук күчүн сактап калат. Мындан тышкары, көрүүчүлөр жаңы каарманды – «түн Ханышасын» спектаклин көрүштү. Анын жаш сүйүшкөндөрдүн тагдырында сөзсүз трагедияны алдын ала айткандай. Мунун баары-Петр Чайковскийдин кулак каныккан музыкасы менен коштолду.

Гульфида Гафурова, Мамлекеттик академиялык бий театрынын көркөм жетекчиси:

- Билесизби, Ромео менен Джульетта, биздин репертуардагы башка спектаклдер сыяктуу эле, албетте, улуу адабият, алар авторлор дайыма кайрылып турган улуу чыгармалар. Ал жердеги эң белгилүү сүйүү, жек көрүү, кастык сыяктуу темалар козголгон. Чайковскийдин музыкасында коштолгон сонун балет. Менин оюмча, бул балеттин тандоосу ушундан улам келип чыккан. Ошондой эле ал бизде видеопроекция менен жүрөт, ошондуктан биз спектакль бизде жазылганын көрсөткүбүз келди.

Сымбат Максут, Мамлекеттик академиялык бий театрынын солисти:

- Биздин балетибизде белгилүү бир каарман бар - ал Түн. Ал бул өлүмдүн, трагедиянын жарчысы сыяктуу. Ал ар дайым Ромео менен Джульеттанын артынан жүрөт. Түпнуска версиясында мындай мүнөз жок. Бирок ал жарым сааттын ичинде, алардын артынан өлүм кууп келе жатканын көрсөткүсү келген. Алардын тагдыры бактысыз болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков