Silk Way Star сынагынын катышуучуларынын желектери экспо шарынан көрсөтүлдү

Silk Way Star сынагынын катышуучуларынын желектери экспо шарынан көрсөтүлдү

Казакстандын борборунда EXPO шаарчасынын аймагындагы «Нур Алем» сферасы Silk Way Star музыкалык долбооруна катышкан өлкөлөрдүн желегинин түстөрүнө боёлду. Эскерте кетсек, шоуга 12 өлкөнүн аткаруучулары катышууда – алар Азербайжан, Грузия, Армения, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Түштүк Корея, Монголия жана Малайзия. Долбоор Казакстандын Президентинин Телерадиокомплекси менен Кытайдын CMG Медиакорпорациясынын ортосундагы келишимдин алкагында ишке ашырылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков