Казакстан Эл аралык транспорт-логистика дараметин арттырууда

Казакстан Эл аралык транспорт-логистика дараметин арттырууда

Казакстан натыйжалуу трансконтиненталдык транзиттик каттамдардын тармагын түзүүгө ниеттенүүдө. Белгилей кетсек, өлкө аркылуу 13 эл аралык коридор өтөт. Мисалы жакында Иран менен Түркмөнстан, Орусия менен "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорттук коридорунун дараметин өнүктүрүү боюнча жол картасына кол койду. Бул документ 2030-жылга чейин анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 20 миллион тоннага чейин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Республиканын транспорттук-логистикасын жакшыртуу үчүн 2027-жылга чейин 1300 чакырым жаңы темир жол куруу пландалууда. Ал эми автоунаа ташуу үчүн 12 миң чакырымга жакын жаңы жол салынат. Ошондой эле жакынкы 5 жылда Евразия экономикалык биримдигинин ички чек арасындагы 36 транспорттук өткөрүү пунктун этап-этабы менен жаңылоо мерчемделүүдө. Мындан тышкары, Казакстандын портторунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жылына 30 миллион тоннага чейин көбөйтүү пландалууда.

Максат Калиакпаров, Транспорт вице-министри:

- Кабыл алынып жаткан чаралардын натыйжасында темир жол транспорту менен экспорт 130 миллион тоннага чейин жетет. Ал эми импорттун жана транзиттин көлөмү тиешелүүлүгүнө жараша 60 жана 65%га чейин өсөт. Автоунаа ташуулары боюнча экспорт менен импорттун көлөмү 2 эсеге, транзиттин көлөмү 6 эсеге өсүүсү күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков