Казакстандык
дыйкандардын айдап-себүү өнөктүгүнө даярдыгы кызыды. Агрардык насыя
корпорациясы «Кең талаа 2» программасы боюнча арыздардын жалпы пулун түздү.
Тизмеге болжол менен 240 миллиард теңгеге 2 миңден ашуун арыз келип түшкөн. Аларды
кабыл алуу өткөн жылдын жетинин айынын аягында башталган. Бүгүнкү күндө 170
миллиард теңгеден ашык суммага 1400гө жакын арыз каржыланды. Бул жаатта Акмоло,
Костанай жана Түркестан региондорунун жер ээлери жигердүүлүк көрсөтүүдө.
Олжас Тлебалдин, Айыл чарба министрлигинин расмий өкүлү:
- «КазАгроКаржы» быйыл жеңилдетилген лизингге 200
миллиард теңге каралган 5,5 миң даана айыл чарба техникасын сатып көздөлгөн. Бүгүнкү
күндө керектүү техниканын 95% даяр жана жалган куран айынын аягына чейин
даярдык көрсөткүчүн 100%га жеткирүү мерчемделген. Ошондой эле учурда минералдык
жер семирткичтерди ташуу иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө анын 63 миң тоннасы
жөнөтүлдү.
Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 1,5 трлн
теңге бөлүнөт
Инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, жазгы талаа жана түшүм жыйноо иштерин жүргүзүүгө жана айыл чарба техникаларын лизингге берүүгө Агрардык насыя корпорация жана "КазАгроКаржы" аркылуу жалпысынан 1,5 трлн теңге багытталат. Тармактык министрлик долбоорлорду насыялоодо айыл чарба өнүмүн кайра иштетүүгө, сугат жерлердин аймагын кеңейтүүгө, күнөсканаларды жана кайра иштетүүчү ишканаларды курууга, тоют өндүрүүнү комплекстүү өнүктүрүүгө артыкчылык берилерин баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

