Казакстан калкынын 15% 3 жылдын ичинде инвестор боло алат. Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөлүк биржаларда мындай жараяндарга 170 миңге жакын казакстандыктар катышууда. Бул болжол менен өлкө калкынын 1%га жакынын түзөт. Муну Орусия менен салыштырсак, андагы калктын төрттөн бир бөлүгү брокердик фирмалардын кардарлары болуп саналат. Ал эми Америкада бул көрсөткүч 60-80%га жетет. Баалуу кагаздар рыногуна инвестиция салуу дүйнөлүк трендге айланууда. Анда жылына үстөм акы 20%га чейин киреше табууга болот дешет адистер. Белгилей кетсек, борбордун рыногуна жаңы эл аралык инвестициялык -каржы компаниясы кирди. Анын өкүлдөрү жергиликтүү адамдар сатуу боюнча өз күчүн сынап көрүүгө чоң мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышат.
Андрей Шульга, Эл аралык каржы уюмунун төрагасы:
- Бул жерде биз көргөн бардык кыймылдар, башкача айтканда, кирешелердин өсүшү, Казакстандын ири банктарындагы депозиттердин көлөмүн олуттуу өсүшү жана ачык брокердик эсептердин көбөйүшү, инвестициялоого жана тобокелдиктерди ар тараптандырууга кызыгуучулук бар экендигин көрсөтөт. Калктын ар кандай инструменттерге инвестиция салууга даярдыгын байкоого болот. Биз бул багытта өнүгүүгө жана Казакстандын жарандарына каржылык инвестициялар боюнча жардам берүүгө даярбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков