Түрк дүйнөсүнүн мамлекеттери аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн күчтөрдү
бириктирүүнү көздөөдө. Мындай консолидация демилгеси менен Казакстан чыкты. Анткени
республикадагы чакан жана орто ишканалардын дээрлик жарымын аялдар башкарат. Алар окутуу
программалары, акселерация жана колдо болгон каржылык инструменттердин жардамы менен мамлекеттик
деңгээлде колдоо алышат. Бул тууралуу түрк дүйнөсүнүн
ишкер айымдарынын форумунда сөз болду. Ага Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан,
Түркия жана Өзбекстандан келген 200дөн ашык ишкер айым катышты. Иш-чаранын
жүрүшүндө «Turkic Business Hub» эл аралык платформасын түзүү боюнча
меморандумга кол коюлду. Бул түрк өлкөлөрүнүн ортосунда 100дөн ашык биргелешкен
демилгелерди ишке кошууга мүмкүндүк берет.
Лаззат Рамазанова, Түрк мамлекеттеринин ишкер айымдар кеңешинин төрагасы:
- Экономикалык эффект эселеп өсөт деп ойлойм, анткени Turkic Business
Hub түзүлүшүнүн өзү бүтүндөй бир экосистеманы
өнүктүрүүнү камтыйт. Бул түрк дүйнөсүнүн ишкерлерин тартуу эле эмес, бул
дүйнөлүк рынокторду ачуу болуп саналат. Эң негизгиси бул түрк дүйнөсүнүн
бизнесин бир бүтүндүк катары кароо.
Которгон: Илгиз Жамалбеков