Казакстандын транспорт-логистикалык дарамети артып келүүдө

Казакстандын транспорт-логистикалык дарамети артып келүүдө

Жыл башынан бери Казакстан аркылуу 895 миллион тонна жүк ташылды. Былтыркыга салыштырмалуу бул көрсөткүч 4 пайызга өскөн. Анын ичинен 29 миллион тонна транзиттин үлүшүнө туура келет. Бул тармакта өсүш 21%ды түздү. Тармакка жооптуу мекеме жылды жыйынтыктады. Маселен, өлкөдө бир нече ири транспорттук долбоорлорду ишке ашыруу башталды. Алар темир жол, аба жана деңиз ташууларына байланыштууАлардын катарында Алматы шаарын айланып өтүүчү темир жол жана Дарбаза-Мактаарал линиясын куруу иштери башталды. Биринчиси жүк ташуу убактысын бир топ үнөмдөөгө мүмкүндүк берсе, экинчиси Борбордук Азияга жүк ташуу жөндөмдүүлүгүн 10 миллион тоннага чейин көбөйтөт. Мындан тышкары, «Бакты-Аягөз» линиясын куруу иштери жүрүп жатат. Долбоорду жүзөгө ашыруу Казакстан менен Кытайдын ортосундагы жүк ташууну дагы 20 миллион тоннага көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Автоунаа жолдоруна келсек, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдордун 10 миң чакырымында оңдоо жана курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Анын ичинде Чоң Алматы айланма жолу, «Кандыагаш-Макат» жана «Үшарал-Достык» үч ири долбоору аяктады.

Марат Карабаев, Транспорт министри:
- 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча транспорт тармагында негизги көрсөткүчтөргө жетишилди. Бул багыттагы реалдуу өсүш 7%ды түздү. Транспорт тармагындагы негизги капиталга инвестициянын көлөмү 1 триллион 800 миллиард теңгеге жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге өстү. Эл аралык жүк ташуу. Бул багытта да олуттуу оң өсүш байкалат. Экспорттук-импорттук товарлардын жалпы көлөмүнүн өсүшү 22%ды же 7 миллион тоннаны түздү. Ал эми транзиттик транспорт 44%га көбөйүп, 3,6 миллион тонна болду. Күйүүчү май ташыгандардын эл аралык ташуулардагы үлүшү 5 пайызга өсүп, 47 пайызга жетти.

Быйыл Казакстандын деңиз инфраструктурасын өнүктүрүү максатында бир нече ири долбоор ишке ашырыла баштады. Маселен, Курык деңиз портунда Бириккен Араб Эмираттарынын компаниясы менен биргеликте дан терминалы пайдаланууга берилди. Актау портунда контейнердик хаб түзүү, портту капиталдык оңдоо, жүктөөчү техникалар жана жабдыктарды  жаңыртуу мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков