Казакстан Президенти глобалдык IT-индустриянын лидерлери менен жолугушту

Казакстан Президенти глобалдык IT-индустриянын лидерлери менен жолугушту

Президент Касым-Жомарт Токаев Sinovation Ventures жана 01.AI компанияларынын башкы мүдүрү, жасалма интеллект өнүктүрүү кеңешинде жана президенттин тышкы кеңешчиси Ли Кай-Фу менен жасалма интеллект жаатында кызматташууну өнүктүрүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу келечегин талкуулады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алар өлкөдө алдыңкы компетенцияларды локалдаштырууга жана туруктуу технологиялык экосистеманы курууга багытталган билим берүү демилгелери жана долбоорлору жаатында кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.


Касым-Жомарт Токаев Дубай Дүйнөлүк соода борборунун аткаруучу вице-президенти Трикси Лохмирманд менен Казакстандын санарип экономикасын өнүктүрүү жана эл аралык технологиялык платформалардагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Президент Казакстандын алдыдагы үч жылдын ичинде толугу менен санариптик мамлекетке айлануу ниетин баса белгиледи. Алматыда өткөн аймактагы биринчи GITEX AI форуму мунун ачык мисалы болуп саналат. Эки тарап аны Борбордук Азия үчүн жылдык платформага айландыруу жана Казакстанда башка иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.


Томас Прамотедхам II даражадагы «Достук» ордени менен сыйланды¤


Араб компаниясы Presight AI «Маалымат борбору өрөөнү» долбооруна катышууга кызыкдар. Бул тууралуу мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Томас Прамотедхам Казакстандын президенти менен болгон жолугушууда билдирди. Касым-Жомарт Токаев Астанада башталган «Smart City» долбоору коопсуздукту жана жашоо сапатын жакшыртууга салым кошуп жатканын белгилеп, аны Алматыда кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон жеке салымын эске алуу менен, президент ага II даражадагы «Достук» орденин тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков