Актөбе облусунун экономикасына 933 миллиард теңге инвестиция тартылат. Учурда облуста 30 жаңы инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Жарымынан көбү тоо-кен жана мунай өндүрүү тармагына байланыштуу. Мындан тышкары агро өнөр жайды жана жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө багытталган демилгелер бар. Маселен, Актөбе өндүрүштүк аймагында мунай өндүрүү үчүн химиялык реагент чыгара турган завод салынуда. Келерки жылы бул өндүрүштүк цех ишке киргизилип, алгачкы өнүмүн берет деп күтүлүүдө. План боюнча жакынкы 5 жылдын ичинде облуска 4,5 триллион теңге инвестиция тартылат. Ишкерлер малдын терисин кайра иштетүүчү цехти, чет элдик атайын техникаларды оңдоо борборун, облустун базарында суроо-талапка ээ болгон курулуш материалдарын чыгарууну көздөшүүдө.
Нуртуган Оралбаев, облусттук индустриалдык-инновациялык өнүктүрүү башкармасынын бөлүм башчысы:
Инвесторлор негизинен Италия, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Түркия жана орусиялык компаниялар. Азыр өлкөбүзгө бизнес объектилеринин миграциясы активдүү жүрүп жатат. Алардын ичинен мен үч чоң компанияны айтсам болот. Орусиядан башка Литванын өкүлдөрү да бар. Алар мунай жана химиялык өндүрүш ошондой эле унаа курууну камтыйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков