2022-жылы Казакстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 50 триллион теңгени түздү. Муну Улуттук статистикалык бюронун маалыматы тастыктайт. Өзгөчө Акмола, Абай жана Жамбыл облустарында өсүш байкалды. Тармактар боюнча өсүш химиялык, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайына, тамак-аш өндүрүшүнө жана мунайды кайра иштетүүгө, ошондой эле унаа жасоого тиешелүү. Мында эң чоң өсүш өсүмдүк менен малдын майын жана чочко майын өндүрүүдө байкалган. Белгилей кетсек, 2021-жылы Казакстанда өнөр жай өндүрүшү дээрлик 4%га өскөн. Буга негизинен ата мекендик өндүрүштүн өсүшүнүн эсебинен жетишилди, ал тургай коронавирустук пандемия шартында өндүрүштүн көлөмү көбөйдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков