Маселен, кытайлык ишкерлер “Хоргос Чыгыш дарбазасы” атайын экономикалык аймагында жаңы ишкана ачканы жатат. Өлкөнүн Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, кытайдын ишкерлери ирригациялык жабдууларды чыгаруучу завод курууну көздөшүүдө. Долбоордун баасы 20 миллион долларга бааланган. Ишкананы 2024-жылы ишке киргизүү пландалууда, бирок тамчылатуу системасынын өндүрүштүк линиясы быйыл ишке киргизилет. Ал эми немис инвестору “Актау” деңиз портунун экономикалык аймагында ишкана ачканы жатат. Маңгыстау облустук акимчилигинин маалыматына таянсак, бул жерде өрткө каршы техникалар чыгарылат. Болочок ишкана үчүн 2 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Инвестициянын долбоордук баасы 2 млрд теңге. Ал жылына 20 миң тоннага чейин отко туруктуу бетон чыгарууга жөндөмдүү болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков