Казакстандын экономикасына салынган инвестициялардын масштабы тездик менен өсүп жатат. 2022-жылдын 9-айынын жыйынтыгы боюнча түз чет элдик инвестициялардын агымы дээрлик 18%га өсүп, 22 миллиард доллардан ашты. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги өткөн жылдын кварталдык көрсөткүчтөрү 2021-жылдын жалпы жыйынтыгына барабар болгонун баса белгиледи. Министрлик экономиканын бир катар тармактарында көрсөткүчтөрдүн өсүшү дароо байкалып жатканына көңүл бурган. Тактап айтканда, инвестиция агымынын эң чоң өсүшү кайра иштетүү өнөр жайына туура келет. Тармакка жалпысынан 4,9 миллиард доллар багытталды. Өсүү болжол менен 37%ды түзөт. Дүң жана чекене сооданын өсүшү 32,6%ды түзүп, 4 миллиард доллардан ашык каражат бөлүнгөн. Транспорт жана логистикада 20%га, ал эми тоо-кен өндүрүшүндө 12%га жакын өсүш катталган. Белгилей кетсек, Казакстанга эң көп инвестиция салган өлкөлөрдүн тизмесине Нидерланды, АКШ, Швейцария, Бельгия, Орусия, ошондой эле Түштүк Корея, Кытай жана Франция кирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков