Казакстан араб өлкөлөрүнө кой этинин экспорт көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенүүдө

Казакстан араб өлкөлөрүнө кой этинин экспорт көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенүүдө

Казакстандын Айыл чарба министрлиги араб өлкөлөрүнө кой этинин экспортунун көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бул ниетти ишке ашыруу үчүн өлкөдө саудиялык ишкерлердин катышуусунда «Кой чарбасын өнүктүрүү фондун» түзүү пландалууда. Долбоор Перс булуңундагы өлкөлөргө ата мекендик продукцияны жеткирүүгө салым кошот. Өндүрүлгөн каражатты кой чарбасы менен алектенген казакстандык фермерлерди каржылоого багыттоо пландаштырылууда. Учурда долбоорго инвесторлорду тартуу иштери башталды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 9 айында Казакстандан чет мамлекеттерге 30 миң тонна эт, анын ичинде 6 жарым миң  тонна кой эти жөнөтүлгөн. Негизги кардарлар Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Оман жана Бахрейн мамлекеттиери болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков