Казакстанда эт экспорту 3,5 эсеге өстү

Казакстанда эт экспорту 3,5 эсеге өстү

Бештин айында өлкөгө квота чегинде тирүү бодо малдын экспорту башталат. Мекемелер аралык комиссиянын чечими менен 60 миң бодо мал жана 120 миң майда жандык экспортко жиберилиши мүмкүн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Ал эми дүйнөдө эттин тартыштыгы бар. Ошондуктан адистер экспортко чек койбоону, жада калса географиясын кеңейтүүнү суранышат. Бир жылда эт экспорту 3,5 эсеге өстү. Учурда Казакстан Борбордук Азиядагы негизги жеткирүүчү болуп саналат. Мекеме Жакынкы Чыгышта этке суроо-талап бар экенин маалымдайт. Бул тармака инвестиция салууга ниеттенгендер көбөйдү. Өткөн жылы анын аркасында жалпы баасы 200 миллион долларды түзгөн 30 долбоор жүзөгө ашырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков