Бул максатта атайын жумушчу топ түзүлдү. Мындай маалымат менен Энергетика министрлиги бөлүштү. Эске сала кетсек, быйыл өлкөдө 90,5 миллион тонна кара алтын өндүрүү пландалууда. Анын 71 миллион тоннасын экспорттоо көздөлгөн. Ошол эле учурда ОПЕК+ мунай өндүрүү квотасын кайра карап чыгуудан баш тартты. Өлкөлөр 2022-жылдын тогуздун айынын 5де кабыл алынган чечимди карманууну уланта турган болушту. Буга байланыштуу жетинин айынан тарта мунай өндүрүүнүн жалпы көлөмүн суткасына 2 миллион баррелге чейин кыскартуу боюнча бүтүмгө келди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков