Түштүк Кореяда өткөн бизнес-идеялар сынагынын жеңүүчүсү

Түштүк Кореяда өткөн бизнес-идеялар сынагынын жеңүүчүсү

Артур Шин кош бойлуу аялдар үчүн пайдалуу комплект идеясын ойлоп тапкан. Алардын арасында витаминдер, кремдер жана атайын курлар бар. Артур жана анын командасынын мүчөлөрү бул идеяны 3-4 жылдан кийин Казакстанда ишке ашырууну пландап жатышат. Бул мезгилде ар бир адам комплекттин курамын тандап ала тургандай атайын онлайн платформа иштелип чыгат.

Артур Шин, студент:

Мени Казакстанда жашоонун сапатын жакшыртуу үчүн эмне ойлоп таап, киргизүүгө боло тургандыгы абдан кызыктырды. Кореяда мага мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам абдан жакты. Президентибиз айткандай, биз жаңы Казакстанды курабыз!

Белгилей кетсек, сынакка дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 70ке жакын адамдан турган сегиз топ катышкан. Стартаптар сынагы Корея Республикасы – Борбордук Азия кызматташтык форумунун катчылыгы тарабынан уюштурулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков