Казакстандын калкынын инвестициялык жигердүүлүгү жогорулады. Өлкө жарандары тапкан акчасын коротуунун ордуна, аларды эффективдүү финансылык инструментке айландырууга көңүл бурушкан. Бул элдин каржылык сабаттуулугу жогорулап, каржы рыногуна ишеними күчөгөнүнөн кабар берет. Быйылкы жылы үлүштүк фонддорго инвестициянын көлөмү эки эсеге өскөнү байкалат. Маселен, тогуздун айынын 1не карата интервалдык жана ачык инвестициялык фонддордун таза активдеринин көлөмү рекорддук 129 миллиард теңгеге жеткен. Finprom порталынын маалыматы боюнча, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2 эсеге көп. Активдердин 95%ы валюталык инвестициялык фонддорго таандык. Себеби, мындай каражаттар чет элдик валютадагы депозиттерге караганда көбүрөөк пайда табууга шарт түзөт, дешет адистер.
Которгон: Илгиз Жамалбеков