Эл аралык опера академиясы өзгөчө спектакль тартуулайт

«Астана Опера» сахнасында кезектеги премьера. Өнөр борборунун Эл аралык опера академиясынын устаттары көрүүчүлөргө өзгөчө спектакль даярдады. Борбор калаа тургундары менен шаар конокторунун назарына Гаэтано Доницеттинин «Коңгуроо» аттуу операсы сунушталат. Комедия жанрындагы операнын коюучу режиссёру Николай Куликовдун идеясын ишке ашыруу үчүн костюм тигүү ишинин чеберлери талыкпай иштеп жатат. Байыркы көчө театрларынын турмуш-тиричилиги кийимдер аркылуу чагылдырылган. Бул спектаклде да эски салт боюнча театр кийимдери карама-каршы түстөрдө тигилип, артисттердин беттери аппак гримм менен боёлду. Костюмдарды жасоо учурунда жаккард менен жибек кездемелери көбүрөөк колдонулат.

Николай Куликов, Коюучу-режиссёр:

- Спектаклде операдан башка актёрдук өнөрдүн да салымы басымдуулук кылат. Бирок бул көптөр түшүнгөндөй актёрдук чеберчилик эмес. Артисттерибиз опера ырдаарын эстен чыгарбоо керек. Театр жанрлардын айкалышы экенин эске алсак, биз да бул спектаклде ушундай бир жанрлардын айкалышын тартууламакчыбыз. Андан сырткары, цирк, анын ичинде маскарапоздордун өнөрү, бир аз акробатика менен айкалыштырып спекталди ар тараптуу кылдык.

Айсулуу Тани, Эл аралык опера академиясынын аткаруучу мүдүрү:

- Биринчи опера Чайковскийдин «Кеч жазылган Иоланта» деген операсын Астана Опера театрынын чоң залында койдук. Кийинки операбыз Доницеттинин «Коңгуроо» деген операсы. Бул опера камералык залда өтөт. Бул биздин академиянын солисттери үчүн бир аз жаңы багыт. Камералык опера менен чоң залдагы операнын айырмачылыгы бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков