Казакстан чет жактарда соода үйлөрүн ачат

Казакстан чет жактарда соода үйлөрүн ачат

Бул тууралуу өлкөнүн Соода жана интеграция министрлиги билдирди. Мунун алкагында Өзбекстанда биргелешкен соода компаниясы иштей баштайт. Ушундай эле уюмдарды Пакистан менен Тажикстанда да түзүү пландалууда. Мындай кадамдар өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданы көбөйтүүгө багытталган. Мекемеден билдиришкендей, соода үйлөрү керектүү өнүмдөрдү дыйкан чарбаларынан түз сатып алып, ортомчусуз сатат. Бул алып сатуу чынжырларын жок кылат жана товардын акыркы наркына оң таасирин тийгизет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков