Бээжинде жалган куран айынын төртүндө 13-кышкы Паралимпиада оюндары башталат. Уюштуруучулар төрт жылдыктын башкы оюндарын өткөрүүгө толук даяр экендигин билдирди. Пара атлеттер мелдеши үч башка аймакта – Бээжинде, Янцзы борбордук району жана Чжанцзякоу шаарында өтөт. Мындан тышкары, спорттук жана башка жайлар пара атлеттерге ылайыкташтырылып жасалган. Кытай Эл Республикасынын борборунда 300 миңден ашык жай оңдолду. Эми алар мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жеткиликтүү.
Дун Ляньминь, Бээжин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар федерациясынын вице-президенти:
- Сегиз спорттук имарат жана эки паралимпиадалык айыл толугу менен даяр. Мындан тышкары, 25 адистештирилген оорукана, 60 мейманкана жана 7 паралимпиадалык ресторан атайын жабдылды.
Айта кетсек, кышкы Паралимпиадалык оюндарга 700гө жакын спортчу катышат. Тоо лыжасы жана лыжа жарышы, биатлон, сноуборд, чана хоккейи, ошондой эле, коляскадагы кёрлинг сыяктуу спорттун 6 түрү боюнча жалпысынан 78 комплект медаль ойнотулат. Казакстандын атынан беш спортчу катышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков