Бразилия кыйраган учактын «кара кутучасын» чечмелей баштады

Бразилия кыйраган учактын «кара кутучасын» чечмелей баштады

Бразилияда Актауга жакын жерде кыйраган учактын «кара кутучасын» чечмелей башташты. Иликтөөгө Казакстан, Азербайжан жана Орусиядан келген серепчилер кошулду. «Euronewsтун» маалыматы боюнча, компьютердик технологиянын жардамы менен авиациялык кырсыктарды иликтөө жана алдын алуу борбору абалды моделдеп, учактын ылдамдыгын жана анын траекториясын так баалайт. Жыйынтыктоочу отчетто жарыяланган жыйынтыктар ИКАО конвенциясына ылайык кырсыкты иликтөөнү жетектеген Казакстандын бийлигине өткөрүлүп берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков