Дин лидерлеринин конгрессинде аялдардын коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы талкууланды

Дин лидерлеринин конгрессинде аялдардын коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы талкууланды

Аялдардын бүгүнкү коомдун бакубаттуулугуна жана туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымы. Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин VII курултайынын сессияларынын бири ушул темага арналды. Белгилей кетсек, аялдардын социалдык туруктуулукту, тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоодо ролу 20 жылдан бери биринчи жолу абройлуу катышуучулардын назарына сунушталды.

Салтанат Алимкулова Цивилизация аралык диалогду өнүктүрүү боюнча башкы талдоочу

- Диалог жана сүйлөшүү жолу менен тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу биздин Казакстан мамлекетинин позициясы. Бул бүткүл адамзат үчүн өтө маанилүү тема. Азыр өлкөдө гана эмес, жалпы дүйнөлүк коомчулукта аялдардын социалдык абалына байланыштуу көйгөйлөр бар. Анын ичинде диндин ролу. Жалпысынан бул жерде айта кетчү нерсе, динде аялдар бийлик башына келбесин же коомдо жигердүү болбошу керек  - деген эч бир ыйык жазууларда жок. Ушундай маселелер талкууланат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков