Саламаттык сактоодогу жаңы технологиялар. Казакстандык Маргулан Нуртай адамдын өпкөсүн рентген нурлары менен анализдеп, автоматтык түрдө аныктоочу долбоорду иштеп чыкты. Жаңы аппаратты иштеп чыгууга коронавирус пандемиясы түрткү болду, дейт жаш окумуштуу. Теориялык материалды изилдеп, анын программасын жазууга бир жыл убакыт кеткен. Эми апробациялоо жана жасалма интеллектти ишке киргизүү этаптары күтүп турат.
Маргулан Нуртай, долбоордун автору:
- Биринчи кезекте нейрондук тармактын модели түзүлдү. Андан кийин биз анда кандай архитектураны колдоно турганыбыз жана башка ар кандай математикалык ыкмаларды эске алдык. Биз интернет-порталдан 3000 рентгенгдик сүрөттү алып, нейрондук тармакты үйрөттүк. Бул үчүн жабдууларды өзүбүз жасадык.
Акылдуу технология менен өпкө ооруларын диагностикалоо бир топ жеңилдейт. Долбоордун автору аппарат дарыгерлерге жакшы жардамчы болоруна ишенет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков