Брюсселде «Казакстан – Европа Биримдиги» тегерек үстөл уюштурулду. Анда Президент Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу мамилелер стратегиялык мүнөзгө ээ экенин белгиледи. Казакстанга түздөн-түз тартылган чет элдик инвестициялардын жарымы Европа Биримдигине таандык. Өткөн жылы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү 45 миллиард доллардан ашты. Учурда өлкөдө 4 миңге жакын европалык кирешелүү компаниялар иштейт. Мамлекет башчысы кызматташуунун келечектүү багыттарына өзгөчө токтолуп, Казакстан Европа, Борбордук Азия, Кытай, Кавказ жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн байланыштырган негизги логистикалык борборго айланууну көздөп жатканын айтты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Биз инфраструктурага, атап айтканда, миңдеген чакырым темир жол курууга жана Транскаспий эл аралык транспорт багытын өнүктүрүүгө олуттуу каражат жумшап жатабыз. Бул аракеттерибиз Европа Биримдигинин Global Gateway стратегиясы менен айкалышып, Ортоңку коридорду Евразиядагы коопсуз байланыш үчүн негизги жана туруктуу магистралга айлантат.
Касым-Жомарт Токаев бул сапардын жүрүшүндө жалпы баасы 12 миллиард доллардан ашкан коммерциялык келишимдерге кол коюларын билдирди. Мамлекет башчысы Казакстандын өнүктүрүү банкы жана Европалык каржы институттары менен 1 миллиард долларлык логистикалык инфраструктура тармагындагы келишимди кубаттады. Ошондой эле Казакстан Европа Биримдигинин эн маанилүү чийки зат ресурстарынын тизмесине кошкон 34 минералдын 21и менен камсыз кылууга даяр экендигин билдирди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Биздин өлкө ири уран казуучу катары дүйнөдөгү суроо-талаптын 40% жакынын камсыздайт. Мунай менен газдын, көмүрдүн олуттуу кору бар болсо да, биз «жашыл» суутек өндүрүү долбоорун активдүү түрдө колго алдык. Мындан тышкары, Казакстандын аймагында литий, никель, ванадий жана кобальттын дагы өздөштүрүлө элек мол корлору бар. Жыйынтыгында, биз өнөктөштөргө өтө прагматикалык формула сунуштайбыз: тактап айтканда, стратегиялык ресурстарга жеткиликтүүлүктү инвестицияга жана технологияга алмашууга кызыкдарбыз. Бул ыкма Европа стандарттарына толук жооп берет.
Европалык кесиптештерди мал чарбачылыгы, дан өсүмдүктөрүн тандоо жана жерди так технологиялар менен иштетүү сыяктуу тармактарда кызматташууга чакырды. Европа Биримдиги илим жана билим тармагында алдыңкы өнөктөш болгондугун белгиледи. Мамлекет башчысы сөз соңунда бүгүнкү талкуулар тараптардын стратегиялык өнөктөштүккө карата позициялары бирдей экендигин дагы бир жолу тастыкталганын айтты.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

