Казакстан менен Канаданын ортосундагы соода жүгүртүү 700 миллион доллардан ашты

Казакстан менен Канаданын ортосундагы соода жүгүртүү 700 миллион доллардан ашты

Казакстандын Канадага экспорту 4 эсеге өстү. 2022-жылдын 9 айында анын диапазону 609 миллион доллардан ашкан. Жалпысынан быйыл эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 700 миллион доллардан жогору болду. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 эсеге көп. Эки өлкө өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө жана товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүүгө ниеттенүүдө. Жалпысынан Канаданын бизнес коомчулугу Казакстандын экономикасынын түрдүү тармактарына чоң кызыгууну жаратууда.

Акылбек Камалдинов, Казакстан Республикасынын Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси:

Канадалык компаниялар кен иштетүүгө өзгөчө кызыкдар. Айыл чарбасы боюнча да сунуштар бар. Ага чейин канадалык таза кандуу уйларды Казакстанга алып келип, биздин тукумга кошкондо жаңы бренд жаралган. Бул да жакшы  жыйынтык.

Ошол эле учурда Казакстан менен Канаданын ортосундагы билим берүү тармагында өз ара кызматташтык бекемделүүдө. Калгария университети келерки жылы Семейде өзүнүн  филиалын ачмакчы. Белгилей кетсек, бул университет Канадада 8-орунда, ал эми дүйнөдөгү университеттердин академиялык рейтингинде 190-сапта  турат.